• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жол чырак менен жөө өтмөк эки башка жерде жайгашкан — видео

Коом 0


Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бишкектин Элебесов көчөсүндө жол чырак менен жөө өтмөк эки башка жерде жайгашканы тууралуу видео интернет тармагына тараган.

Видеону тарткан жаран жол чырак менен жөө өтмөк бир жерде жайгашпаганын айтып, эреже боюнча кандай болушу керек деп суроо салат.

Милициянын кайгуул кызматы “Кабар” маалымат агенттигине аталган жагдай туура эместигин билдирип, учурда жеринде кызматкерлер иштеп жатканын кошумчалады.

“Жол кыймылы бөлүмүнүн кызматкерлери жерине чыгып кетишти. Жол чырак жөө өтмөк менен бирге орнотулушу керек. Ал жакын арада жылдырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жол чыракты орноткон тарапка айып пул салынат.

Пикир

Оставить комментарий