• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстандын дагы 6 жараны эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Түркиянын Газиантеп шаарынан Кыргызстандын 6 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштери министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар Өзбекстандын атайын борту менен Ташкент шаарына учуп кетти.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Ташкенттен Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.

КР ТИМи жана Кыргызстандын Түркиядагы дипөкүлчүлүктөрү кырсык болгон аймактагы жарандарды эвакуациялоо жана жардам көрсөтүү иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын 22 жараны Казакстандын атайын борту менен Астана шаарына эвакуацияланган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391 адам, жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий