• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бажы кызматы 2023-жылы 94,6 млрд сом бажы төлөмдөрүн камсыздашы керек

Экономика 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Мамлекеттик бажы кызматынын жыйынтыктоочу коллегиясында жетекчиликтин алдына 2023-жылдын аягына чейин 94,6млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултуу тапшырмасын койду.

Министрлер кабинетинин башчысы 2022-жылы МБК акыркы бир нече жылдан бери биринчи жолу 74,3 млрд сом суммасында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаганын белгиледи.

"Өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган пландык көрсөткүч 100,8%га, же 604,9 млн сомго ашыгы менен аткарылды", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 46,9млрд сомду, ал эми 2020-жылы 28,9 млрд сомду, 2019-жылы 43,3 млрд сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий