• 87
  • 90.63
  • 0.79

Түркиядан келген дарыгер Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 03.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркаган кыргызстандыктардын узак мөөнөттүү дарылануусу аяктап, алар мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Измирдеги “EMOT” клинкасынын врач-ортопед, микрохирургу Бакыт Керекулов билдирди.

Дарыгердин айтымында, бейтаптардын абалы бүгүнкү күндө жакшы, бирок толугу менен калыбына келүү үчүн дагы көп убакыт талап кылынат.

"Жабыркагандардын абалы өтө оор болгон. Алардын денеси 80-90% күйүп калган, от жутуп алганына байланыштуу ички дем алуу органдары да жабыркаган. Бизге бейтаптар, биринчи этаптагы дарылануудан өткөндөн кийин келишти. Экинчи этаптагы операция биздин клиникада жасалып, ал ийгиликтүү өттү. Учурда алардын абалы жакшы. Бирок муну менен эле токтоп калганга болбойт. Бейтаптар мындан ары да дарылануусу керек, алардын толук калыбына келүүсү үчүн дагы көп убакыт талап кылынат”,-деди дарыгер.

Ошондой эле ал белгилегендей, бейтаптар дарылануусун улантышы керек эле, бирок алардын визасы 3 айга гана берилгендиктен мекенге кайтып келүүгө мажбур болушту.

"Эми алар кайсыл жерде болушпасын дарыланууну сөзсүз түрдө улантыштары керек. Буга кошумча аларга психологиялык жардам көрсөтүлүшү зарыл. Жыйынтык жакшы болот деп ишенем”,-деди дарыгер.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында түндө Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, беш адам жабыркап, үчөө гана ооруканага жаткырылган, экөө амбулатордук дарыланууда болгон. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эки жабырлануучу атайын рейс менен Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий