• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түркиянын Кыргызстандын тышкы карызын кечиши – эки элдин тууганчылык мамилесин далилдеди – дипломат

Саясат 0

Бишкек, 05.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Түркиянын Кыргызстандын 58,8 млн доллар тышкы карызын кечкени кыргыз менен түрк элинин тууганчылык, достук мамилесин далилдеди. Бул тууралуу дипломат Аликбек Жекшенкулов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Түрк президентинин кыргыз элинин, биздин мамлекеттин миллиондогон тышкы карызын кечкени чоң кадам. Муну менен эки элдин тууганчылык, достук мамилеси дагы бир ирет далилденди.

“Түркия чын ниети менен ушундай көп өлчөмдөгү каражатты, мындайча айтканда Режеп Тайып Эрдогандын боордош кыргыз элине белек кылып койгонуна ыраазычылык гана айтыш керек. Мындай чоң сумманы кечип жиберүү бул – марттык. Кечилген карыз Кыргызстандын жашыл экономикасына жумшалат деп айтылбадыбы, демек Түркиянын президенти мындан ары дагы Кыргызстан менен экономикалык тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин айгинелейт.

Менин билишимче, Түркия мамлекетинин жетекчилери мындай марттык кадамдарды көп эле жасап келет. Бүгүнкү күндө Түркиянын экономикасында деле кыйынчылыктар аз эмес. Кандай тоскоолдуктар болуп жаткандыгы бизге белгилүү. Бирок ошого карабай, бизге жардам бергени жакшы кадам.

Түркия түрк тилдүү элдерди бириктирип, ынтымакка чакырууга аракет кылып жатканы байкалат. Учурда дүйнөдө кырдаал тынч эмес. Тартышуу, тирешүү болуп турган маалда Түрк мамлекети өзүнүн саясий ролун чоңойтууга жасаган аракет деп бааласак болот. Регионалдык уюмдун катарында Түрк мамлекеттер уюму катары ага мүчө элдерге, мамлекеттерге жардам берүү максатында жасалууда деп ойлойм. Бул биздин экономикабызга жана бюджетибизге конреттүү жардам жана чоң ийгилик алып келет,-деди ал.

Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапары менен Кыргызстанда жүрөт. Саналуу мүнөт мурда президент Садыр Жапаров менен Реджеп Тайип Эрдоган ЖМКга билдирүү жасашты. Анда Садыр Жапаров Түркия тышкы карызды кечкенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий