• 87
  • 90.63
  • 0.79

Түркмөн жарандары банкоматтан акча алууда «кошумча кызматтарды» пайдаланууга аргасыз болушууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Түркмөнстанда жарандардын банкоматтан акча алуусуна жардам бере турган жаңы «кызматтар» пайда болду. Акыркы жылдары өлкөдө банкоматтан акча алууга бир нече чектөөлөр киргизилип, тургундар кыйынчылыктарга туш болуп келишет.

«Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасынын маалыматына караганда, банк кызматкерлери менен күзөтчүлөр жарандарга банкоматтан каалаган суммасын алып берип, бул «кызматы» үчүн алардан 5-10 манаттан алып жатышат. (Борбордук банктын расмий курсуна ылайык, 1 доллар 3,5 манатка, ал эми көмүскө базарда 18 манатка барабар).

«Дем алыш күндөрү же түнкүсүн Балканабад жана Түркмөнбашы шаарларында банк күзөтчүлөрү жарандардан беш манаттан алып, имараттын ичиндеги банкоматтан акча алып беришүүдө. Мындан тышкары банктардын кассада отурган кызматкерлери адамдарга карталарынан каалаган суммадагы акчаны алып берип, бул үчүн алардан 10 манаттан алып жатышат», — деп жазды басылма.

Акыркы төрт жылдан бери Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер менен бюджетте иштеген жарандарга маяналар банк карталарына которуу аркылуу берилип келет.

Былтыр май айында өлкөдө пенсиялар дагы банк карталарга которула баштаган.

Учурда Ашхабаддагы банкоматтардан айына 800 манаттан, ири шаарларда 600 жана башка аймактарда 400 манттан ашык акча алууга болбойт.

Пикир

Оставить комментарий