• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 460 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 460 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 98, Алматы шаарында – 39, Шымкент шаарында – 8, Акмоло облусунда – 46, Актөбе облусунда - 4, Алматы облусунда – 20, Атырау облусунда – 6, Чыгыш-Казакстан облусунда – 22, Жамбыл облусунда – 4, Батыш-Казакстан облусунда – 10, Караганда облусунда – 58, Костанай облусунда _ 45, Кызылорда облусунда – 4, Мангистау облусунда – 4, Павлодар облусунда – 48, Түндүк-Казакстан облусунда – 41, Түркстан облусунда – 3 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 985 миң 16 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий