• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзбекстанда мугалимдерди журналга жазылууга мажбурлаган директор иштен алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент облусунда мугалимдерди мезгилдик басылмаларга жазылууга мажбурлаган мектеп директору иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Ташкент облусунун Янгиёл районундагы №10 мектептин директору Шовкатжон Риззаев мугалимдерди бир нече журналга жазылууга мажбурлаганы аныкталган.

Буга байланыштуу Ташкент облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын буйругу менен мектеп директору иштен алынды.

«Былтыр декабрда мугалимдерди калктын тизмесин түзүү иштерине тарткандыгы үчүн мектеп жетекчисине сөгүш жарыяланган. Бирок бул ага сабак болгон эмес экен. Быйыл январда мугалимдерди сегиз журналга жазылууга мажбурлаган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий