• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түркмөнстанда бензин 50% кымбаттайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Түркмөнстанда бензин кымбаттоодо. Май куюучу жайларда жайгаштырылган жарыяларга караганда, 23-февралдан тарта автоунаа майынын литри 1 манаттан 1,5 манатка чейин жогорулайт.

"Маалымат өзгөрүүдө. Эртеңден баштап жогорулайт деп дагы жатышат. Бардык май куюучу жайларда кезек. Шаарда ажиотаж башталды", - деп билдирди “Азаттыктын” өз булагы.

Акыркы жолу Түркмөнстанда бензин 2015-жылы январда кымбаттаган. Анда мамлекет башчынын тапшырмасы менен автомобиль майынын наркы 60% жогорулаган. А-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1 манатты түзгөн. Түркмөнстанда Борбордук банк белгилеген расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатты түзөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий