• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Түркмөнстанда окуучу жана студенттерге жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Түркмөнстанда мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайлардын студенттерине жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу Түркмөнстандын “Азатлык” радиосу жазды.

“Учурда студенттерден жаңы жыл түнү кафеде же үйдө кече уюштурбайбыз, ошондой эле шаарды кыдырууга чыкпайбыз деп тил кат жаздырып алышууда”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, студенттер майрам күндөрү бийлик тарабынан уюштурула турган иш-чараларга катышууга милдеттендирилди. Бул көрсөтмөлөргө баш ийбегендер окуудан чыгарылары эскертилди.

Белгилей кетсек, буга чейин “Азатлык” радиосунун кабарчылары Ашхабаддын орто мектептеринде окуучуларга Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынганы боюнча эскертүүлөр ноябрь айында эле башталганын кабарлашкан.

Билим берүү министрлигинин буйругуна таянуу менен мугалимдер окуучуларга достору же туугандары менен жолугушууларды уюштурууга тыюу салынганын айтып жатышат.

Түркмөнстанда бардык майрамдар, анын ичинде Жаңы жыл бийликтин көзөмөлү астында өткөрүлөт. Былтыр мамлекеттик мекемелерде балатыларды коюуга, бала бакчаларда майрамдык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

Быйыл дагы Түркмөнстандын калкы Жаңы жылды негизги үй-бүлөлүк майрам катары кабыл алат. Майрамга карата 1-январь иш эмес күн деп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий