• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркмөнстандык студент Apple компаниясынын катасын таап чыккандыгы үчүн 3,5 миң доллар сыйлык алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Түркмөнстандык студент Алмаз Сеидов Iphone смартфонундагы системалык катаны таап чыккандыгы үчүн Apple компаниясынан 3,5 миң доллар өлчөмүндө сыйлык алды. Бул тууралуу Hurriyet түрк басылмасы кабарлады.

Түркиянын Кастамону университетинде окуп жаткан 22 жаштагы Сеидов Apple Store тиркемесинен оюн көчүрүп жатып, андагы системалык мүчүлүштүктү таап чыккан. Бул үчүн Applе компаниясы ага ыраазычылык кат жана 25 миң лира (3,5 миң доллар) сыйлык жөнөткөн.

Буга чейин да досунун Iphone үлгүсүндөгү смартфонунан системалык ката таап, 250 лира сыйлык алган Сеидов алдыда башка операциялык системалардын каталарын издөөгө белсенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий