Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

“Түркмөнстандын элинин жана өкмөтүнүн атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктайм.

9-май биздин жалпы тарыхыбыздагы данктуу дата. Бул маанилүү дата келечек муундар үчүн эркин жана бактылуу жашоо үчүн теңдешсиз эрдиктерди көрсөткөндөрдүн жалпы эстелигинин символу. Биз фронттордо ийиндеш болуп, эрдиктин, мекенчилдиктин, кайраттуулуктун жана майышпас эрктин бийик үлгүсүн көрсөтүп, көптөн күткөн Жеңишти жакындаткан аталарыбызды жана чоң аталарыбызды терең урматтоо жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Биздин элдерибиздин достугу жана бир туугандыгы согуш жылдарындагы эң оор сыноолорду башынан кечирип, Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жемиштүү мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө мындан ары да салым кошо тургандыгына ишенем”, - деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Президент Сердар Бердымухамедов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана бардык боордош Кыргызстан элин куттуктап, ден соолук, бакыт жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий