• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 09.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, эл өкүлдөрү, ардагерлер жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди.

Андан соң Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду.

Пикир

Оставить комментарий