• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Дагы бирөө изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Баткен облусунун Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды.

ӨКМден билдиришкендей, куткаруучуларга 14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн болжол менен 15-20 жаштагы балдар сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

“Издөө иштерине саат 20:50дө 10 куткаруучу тартылып, түнкү саат 00:00гө чейин издөө иштери жүргүзүлдү. Бүгүн, 15-майда саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 14 жаштагы Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгүн табышкан.

Экинчи баланы издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий