• 87
  • 90.63
  • 0.79

Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал киргизилгенин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль элге кайрылуусунда өлкөдө аскердик абал киргизилгенин жарыялаганын, Yonhap агенттиги жазып чыкты.

"Мен Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү жок кылуу жана эркин конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн аскердик абалды жарыялайм. Мен туңгуюкка кирип бараткан эркин Корея Республикасын коргойм. Мен мамлекетке каршы күчтөрдү жана ушул убакка чейин мыкаачылык менен элдин өлүмүнө жооптууларды жок кылам", - деп келтирет Yonhap агенттиги мамлекет башчысынын сөзүн.

Түштүк Кореянын армиясы өлкөдө аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу парламенттин жана саясий партиялардын ишине тыюу салынганын, бардык маалымат каражаттары жана басмаканалар аскердик абалдын командачылыгынын көзөмөлүнө өтүшү керектигин жана бардык медициналык кызматкерлер 48 сааттын ичинде жумушка кайтуусу керектигин жарыялады.

Полиция Түштүк Кореянын парламентинин имаратын курчоого алды, ал жакка кирүүгө Улуттук ассамблеянын мүчөлөрүнө гана уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий