• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео Владимир Путин менен жолугат

Дүйнө 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн, 14-майда Орусия президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат.

Жолугушуу Сочи шаарында өтөт. Буга чейин Помпео Москвага 13-майда келери кабарланган. Бирок мамлекеттик катчы Брюсселде европалык лидерлер менен Иран маселесин талкуулап калганына байланыштуу сапар жылдырылган.

Помпеонун АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы катары Орусияга белгиленген алгачкы сапары Вашингтон менен Москванын ортосундагы мамилелер чыңалган маалга туш келди.

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Сочиде өзөктүк куралдануу, Венесуэладагы саясий кризис, Украина чыгышындагы жана Сириядагы жаңжал, Ирандын айланасындагы маселелер талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий