• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкесин алуу жөнөкөйлөтүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жерди пайдалануу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Примов У.Б., Акаев Ж.К., Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Эгембердиев М.Б., Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш.,Зулпукаров Т.З.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров баяндама жасады. Демилгечи мыйзам долбоору мобилдик байланыштар жана сапаттуу интернет менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи. Буга байланыштуу байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкесин алууну жөнөкөйлөтүү тартиби менен учурдагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров комитеттин өткөн жыйынында талаштуу жагдай – орнотулган антенналардан нурлануу ченемден 10 эсе көп чыгып жаткандыгы тууралуу маселе жаралып, бул көйгөй такталганга чейин мыйзам долбоору кароодон алынып салынгандыгын эске салды.

Жыйынга чакырылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык эпидемиологиялык кызматынын төрагасы Төлө Исаков кол алдындагы Радиология бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Арзыкулов комитеттин өткөн жыйынында байланыш компанияларынын антенналарынын нурлануусу боюнча туура эмес билдирүү тараткандыгын, чындыгында антенналардан чыккан нурлануу белгиленген ченемден ашпастыгын маалымдады. Анын айтымында, чындыкка коошпогон маалымат тараткан бөлүм башчысы кызматынан алынган.

Комитет төрагасы А.Назаров сунушталган мыйзамдагы айрым жагдайлар боюнча демилгечилер жана тиешелүү тараптар менен орток пикир табылып, тактоолор киргизилгендигин белгиледи. Ага ылайык, мыйзам долбоору менен жайыттар ижарга берилбейт деген принцип сакталган. Байланыш курулмалары өзгөчө корголуучу аймактарга курулбайт жана мыйзам долбоорунан жерди коомдук муктаждык үчүн алып коюу маселеси алынып салынган. Ошону менен катар колдонуудагы мыйзамдын жайыт жерлерин башка максаттарга пайдалануу жөнүндө беренеси аркылуу жайыт жерлерин пайдалануу КР Өкмөтүнүн чечими аркылуу чечилмекчи.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий