Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.
Ош облусунан келген делегат Анархан Айдарова кечээ өлкөнүн түштүгүндө онкологиялык оорукана башкы көйгөйлөрдүн бири экендигин айтып маселе көтөргөн.
Анын айтымында, азыр бала бакчанын имараты онкологиялык ооруканага катары колдонулууда.
"Эл каякка барышын билбейт. Шаардын так ортосундагы мечиттин тушунда бала бакчанын имаратын онкологиялык оорукана катары пайдаланып, операциялар жасалып жатат. Буга байланыштуу түштүк жакка онкологиялык оорукана керек",-деген ал.
Бүгүн курултайдын экинчи күнүндө, президент Садыр Жапаров делегаттардын сунуштарына жооп берип жатып, онкологиялык оорукана куруларын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий