Т.Батыралиев БДСУ ЕАБ директору менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 70-сессиясында КР саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ж.Якоб менен жолугушту.

КР ССМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар өлкөдө дары-дармек каражаттары жана Кыргызстанда ишке ашырылган БДСУ долбоорлору боюнча маалыматтар камтылган электрондук саламаттык тутумун киргизүү мүмкүндүгүн талкуулашты.

Ошондой эле, стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, саламаттык сактоо, чылым чегүү мыйзамын ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий