Камчыбек Ташиевдин дарегине келип, коомчулукка жарыяланган каттагы билдирүү, бир жагынан чочутуп, экинчи жагынан анча-мынча түшүнбөстүктөрдү жаратты. Жадакалса ЖМКларга жарыяланган макалалардын баш сөзүн “Киллер гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды сүйүп калды” же “Жалданган киши өлтүргүч курмандыктарына көзүнө жаш алып кат жазат” деген сыяктуу тамашалуу маанайда жазып чыгышты.
Билдирүүнүн мазмуну чындап эле кызыктай көрүнөт, аны таптакыр сабатсыз, ою ордунда эмес, акыл эсинен адашкан адам жазгандай сезилет. Бирок, айрым эксперттер окугандарынын баарына так баа бере алышпайт. Ал эми, интернет айдыңындагы коомчулук, бул билдирүүнү хайп же кандайдыр бир шоудай кабыл алышты.
Эгерде каттын жөнөтүүчүсү же коркутуулардын автору чындап эле акыл эси соо адам болсо, анда аны таап, жоопкерчиликке тартуу керек. Бирок, азыр бул билдирүүнү кимдир-бирөөгө көрсөтсөң, таң калышат же тамашага айландырышат. Ушул жерде маани бере турган нерсе, ал кат ушундай мазмунда атайылап жазылганын жокко чыгарбашыбыз керек.
Ошол эле учурда, коркутуу белгилери жазылган бөлүгүндө психологияны жакшы билген адам жазганы байкалып турат. Жакын туугандарын жок кылам деген шантажы абдан көркөм сүрөттөлгөн. Мындай коркутуу ыкмасы ыплас болгону менен, психологиялык жактан абдан натыйжалуу.
“Кабар” маалымат агенттиги бул боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытовдон комментарий алды.
«Кат кеңири аудиторияда түшүнбөстүктү жаратуу үчүн атайын түзүлгөн окшойт. Бирок, психологиялык басымдын контекстине карасак, мунун артында коркутуу аркылуу манипуляция ыкмаларын өздөштүргөн адистер турушу мүмкүн экени айкын болот. Бул чоң каралоо кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн», - деп эсептейт Мамытов.
Мисалы, Камчыбек Ташиев журналисттерге кат боюнча билдирүү кылган жок дейли. Анда, бул кат киинчерээк флагштоктун жаңында өрт өчүрүүчү унаанын сүрөтү менен кошо пайда болмок. Демек, алар УКМКнын төрагасынын аброюна шек келтирип, компромат табууга аракет кылышты деген версия бар. Анын баарын коомчулукка чыгарып, УКМК башчысын мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпташмак.
Ташиевдин душмандары көп, ички душмандар – коррупционерлер менен олигархтар, ал эми тышкы душмандар – бийликти алсыратып, мамлекетти талкалагысы келгендер. Ошондуктан бул окуяларга чет элдик атайын кызматтардын катыштыгы бар деген маселе ачык бойдон калууда. Муну УКМКнын төрагасы өзү да жокко чыгарбайт.
«Президент каттын мазмунун коомчулукка жарыялоо керектигин айтты. Мени жана президент менен же биздин үй-бүлөлөр менен бир нерсе болуп кетсе, бул маалыматты баары билиши керек. Катта мени жана үй-бүлөмдү кыйратпаш үчүн кандай шарттарды аткаруум керектиги жазылган. Бул жерде түздөн-түз коркутуулар бар. Бул кандайдыр бир атайын кызматтын же атайын кызматтын кызматкеринин иш ыкмасы экени жана ага көп акча төлөнгөнү билинип турат», - деди Камчыбек Ташиев журналисттерге берген чукул маалымат жыйынында.
Бул окуяда эксперттер көңүл бура турган дагы башка маанилүү жагдайлар бар. Кыргызстан экономикалык кыйроо мезгилинен чыкты, түстүү революциялардын технологиялары республикада иштебей калды. Өлкөнү солкулдатуу аракеттери көрүлүп келген, бирок алардын баары эч бир жыйынтык берген жок. Учурда өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу же курчутуунун башка варианттары жок. Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровго жана өзүнө бир нече жолу кол салуу аракеттери болуп, күч органдары алардын алдын алганын билдирди.
"Төрт жылдан ашык убакыттан бери, менин өлкөнүн чалгындоо кызматынын башчысы болуп иштеген мезгилде, президенттин өмүрүнө эки жолу кол салуу аракети даярдалды. Биз мунун алдын алып, токтотуп калдык. Мага каршы 5-6 жолу кол салуу даярдалган. Атүгүл мен бара турган жолду жардырууга аракет кылышыптыр. Атайын кызматтын жана милициянын кыраакылыгы алардын планын ишке ашырууга мүмкүндүк берген жок", — деп белгиледи УКМКнын башчысы.
Талдоочулардын баамында, балким, Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу үчүн саясатчылардын жеке өзүнө гана эмес, алардын жакындарына кол салуу аракети аркылуу жасагысы келишет. 2022-жылы жаңы жыл күнү Казакстанда орун алган окуяларда, бир нече шаарларына согушкерлер кол салып, андан кийин Өзбекстандагы провокациядан Каракалпакстан тутанганда, тышкы күчтөр Борбор Азияны өнүгүү жолунан сүрүп салуу үчүн гана эмес, Борбор Азиянын аймагына башаламандык орнотуу аракет кылганын көргөнбүз.
"Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай провокациялар масштабдуу кризистерге айланып кетиши ыктымал. Борбор Азия эл аралык геосаясатта маанилүү түйүн болуп саналат жана аймактагы кайсы бир өлкөнүн дестабилдешүүсү анын коңшуларын оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Жогорудагы фактыларды эске алсак, окуялар олуттуу талдоону жана комплекстүү мамилени талап кылат. Кыргызстан үчүн мамлекеттик коопсуздук институтун мындан ары да чыңдоо жана коңшу мамлекеттер, эл аралык өнөктөштөр менен аймактык өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүү абдан маанилүү. Мындай провокациялар аркылуу коомдук пикирди бурмалоо аракеттерине каршы туруу үчүн маалыматтык саясатка да көңүл буруш керек», - деп белгиледи Токон Мамытов.
Бир мамлекетте туруксуздуктун оту тутандырылса, ал коңшуларга оңой жайылып кетиши мүмкүн. Бул Евразия континентиндеги интеграциялык жана өнүгүү процесстерин токтотууга, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болушу мүмкүн. Эксперттердин айтымында, бул ачык коопсуздук коркунуч, ошондуктан аны абдан олуттуу кабыл алынышы керек.
Пикир
Оставить комментарий