• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Таалайбек Ибраев Ош ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Электр станциялар" ААКнын филиалы Ош электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш сапарынын жүрүшүндө энергетика министри Ош ЖЭБинин буу казандар цехинде номер 2-чи буу казандагы буу ысыткыч жабдууларын алмаштыруу иштери менен жеринде таанышты.

Мындан тышкары, Ош ЖЭБнин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча трлук маалымат алып, ремонттук иштерди, реконструкция жумуштарын суук түшкөнгө чейин өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө магистралдык жылуулук түтүктөрүнүн трубаларын алмаштыруу иштери жана аткарылган жумуштар боюнча маалымат алды. Быйылкы жылкы план боюнча 836 метр жылуу суу түтүктөрүн алмаштыруу каралган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 530 метри аткарылып бүттү. Министр план боюнча коюлган жумуштарды өз убагында көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий