• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Таалайбек Ибраев “жашыл энергетика” боюнча министрлердин жыйынына катышты

Экономика 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-сессиясына жана энергетикалык демилгелер боюнча министрлердин жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарада жашыл энергетикалык коридорлорду жана зоналарды өнүктүрүү тууралуу талкуу болду. Ошондой эле ар бир мамлекеттин энергетика министрлери жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өз пикирлерин билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, жашыл энергетиканы өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы экенин билдирди.

"Жашыл" стратегияны ишке ашыруу, 2050-жылга карата Энергетика министрликтери таза энергияны өндүрүү, сактоо, транзиттөө жана жеткирүү үчүн инновациялык технологияларды киргизүү менен энергетикалык баланста кайра жаралуучу булактардын үлүшүн жыл сайын көбөйтүүсү зарыл.

Кыргызстандын күн, шамал энергиясын жана жашыл суутекти өндүрүү боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу, жаңы күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жүрүп жатат. Өлкө тездик менен жашыл энергетиканын жаңы дооруна өтүп жатат.

Бирдиктүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана климаттык каржылоону күчөтүү шартында биз Азербайжан тараптын жашыл энергетика коридорлорун, аймактарын жана таза энергияны сактоо технологияларын түзүү боюнча демилгелерин колдоого даярбыз.

Кайра жаралуучу энергиянын долбоорлорун биргелешип ишке киргизүү аркылуу экологиялык жактан таза энергия өндүрүүнү эске алуу менен Кыргызстанда жана аймактагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана башкарууга жетишүүгө болот деп эсептейм. Бул чаралар биздин өлкөнүн гана эмес, региондогу башка мамлекеттердин энергетикалык, экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жардам берет", - деди Таалайбек Ибраев өз сөзүндө.

Мындан тышкары, министр таза энергияны өндүрүү боюнча конференциянын максаттарын жана жашыл демилгелерди колдой турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий