Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын таэквон-до ITF боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астанада (Казакстан) өткөн 22-Дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңид: 1 күмүш, 6 коло.
Дене тарбия жана спорт департаметинен билдиришкендей, мелдеш 19-26-август күндөрү өтүп, жалпы 68 өлкөдөн келген спортчулар катышкан.
- Рамиз Дайстроков өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча күмүш медалга ээ болду (65 кг чейин);
- Айназик Абдужаббирова өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун (65 кг чейин);
- Ардагерлер арасында Гүлзара Михманова спарринг боюнча 3-орун (62 кг чейин);
- Элиза Шаршекеева өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун (64 кг чейин);
- Петренко Владислав өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча жана юниорлор арасында жеке техникасы боюнча 3-орун (63 кг чейин);
- Муслим Толкумбаев өспүрүмдөр арасында 69 кг салмакка чейинки спарринг боюнча 3-орун (69 кг чейин).
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан.
Пикир
Оставить комментарий