Тайландда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 8ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Тайландда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 8ге жетти. Дагы 84 адам өлкөнүн ооруканаларынын жугуштуу оору бөлүмдөрүндө кароодон өтүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазат.

Буга чейин Тайланддын ЖМКлары 7 адам илдетти жуктуруп алгандыгын билдирген.

Министрликтин маалыматында, коронавирустун жаңы түрүнө себепкер боло турчу ооруну жуктуруп алган алгачкы беш адам жаңы жылга чейин ооруканага түшкөн. Алар дарыланып, ооруканадан чыгарылган. Бейтаптардын арасында төрт кытайлык жаран жана бир Тайланддын жараны болгон.

Ишемби жана жекшемби күндөрү өлкөнүн Прачуап Кирикхан, Районг жана Чиангмай провинцияларында илдетти жуктуруп алган үч учур катталган. Аталган провинциялар туристтер көп келген жерлердин бири.

Ошол эле убакта 84 адам ооруканаларда кароодон өтүүдө. Алардын көбү Кытайдын жарандары.

Пикир

Оставить комментарий