• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тайм-менеджмент жана каржылык сабаттуулук сабактары өтүлсө – окуучулардын сунуштары

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө Кыргызстан балдарынын биринчи онлайн саммити болуп өттү. Анда мектеп окуучулары өлкөдөгү абал алардын окуусуна кандай таасир тийгизгени туурасында айтып беришти.

Республиканын булуң-бурчундагы мектептерде окууган окуучулар карантиндин оң жана терс таасирлери менен бөлүшүп кетти. “Окуубуз дистанттык негизде өттү. Бул жерде мугалимдердин эмгегин айтып кетпесек болбойт. Аларга дисттантык билим берүү ыкмасы оор келди, анткени системаны жакшы түшүнө алган жок. Быйылкы окуу жылдын аякташы менен аларды куттуктап кетким келет. Ошондой эле 24 саат бою бейтаптардын өмүрү менен күрөшкөн дарыгерлерге ыраазычылыгымды билдирем”, - дейт Чүй облусунун Сокулук районундагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Рустам.

“Карантин бизге ата-эне, туугандарды жакшы таанууга жана алар менен жакын мамиледе болууга шарт түздү. Ал учурда көптөгөн китептерди окуп, баалуу маалыматтарды алдым. Мугалимдерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Алар мындай кырдаалга даяр эмес болсо да бизге билим берүүнү токтоткон жок. Мен 11-классты дистанттык түрдө аяктадым. Бизге чыдаганыңыздар үчүн рахмат”, - деди Бишкек шаарындагы №48 мектептин бүтүрүүчүсү Сабина.

“Мындай оор учурга карабай иштеген адамдарга, анын ичинде мугалимдерге ыраазычылыгымды айтып кетем. Мугалимдер жана биз үчүн дисттанттык билим берүү жаңы формат болду. Алар прогрммаларды өздөштүрүп, ал аркылуу бизге билим берип жатты. Мектепти мындан ары көрбөгөңүбүзгө капа болуудабыз. Биз бүтүрүүчү болгондуктан убактыбыздын көпчүлүгүн мектепте өткөрүүнү каалаганбыз. Ошондой эле апама ыраазычылыгымди билдирем. Карантин учурунда эмне менен алектенүүнү билбей жаткан учурда ал мага китеп окуумду сунуштады. Өзүмдү өнүктүрүү үчүн китеп окудум. Карантин жемиштүү өттү десем болот”, - деп белгиледи Лебединовкадагы №1 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Элдияр.

“Карантин учурунда бир катар окуучулар стресске кабылды. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп программасына тайм-менеджмент жана каржылык сабаттуулук сабактарын кошуш керек. Ошол эле учурда автивисттер, жаш лидерлер бош убактысын туура пайдаланганга жетишти. Алар соцтармакта жарандарды үйдө болууга чакырды жана ар кандай онлайн марафондорго катышып жатты”, - деп өз оюн Ош облусунун Кар-Суу районундагы Гагарин атындагы орто мектептин окуучусу Фахридин билдирди.

“Учурдагы коронавирус пандемиясы түздөн-түз жана түбөлүккө дүйнөлүк тартипти өзгөртөт. Пандемиядан кийинки дүйнөнүн негизги көйгөйү – Дүйнөлүк кризис. Азыркы кризис тарыхтагы ири жана тез арада тарагандыгы боюнча алгачкы орунда турат. Адамдар колунда бар болгон нерселерди барктай баштаганына үмүттөнөм. Обочолонуу режими адамдар ортосундагы мамилени дагы да жакындатты. Алсак, ата-эне менен баланын ортосунда түшүнүү мамиле”, - дейт Ысык-көл облусундагы Киров атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу Диана.

Кыргызстанда балдардын биринчи саммитинде окуучулар дүйнөдө кайсы кесипке суроо-талап күч экенин айтып, келечекте мугалим, дарыгер жана программист болууну каалап жатканын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий