• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тайпа жакшы жана кызыктуу — Валерий Кичин Азия кубогундагы атаандаштары тууралуу

Спорт 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Азия кубогу-2023 чүчү кулак кармоо боюнча пикири менен бөлүштү.

"Бул турнирде Азиянын эң мыкты өлкөлөрү күч сынашат, андыктан бул жерде алсыз атаандаштар болушу мүмкүн эмес.

Тайпа жакшы жана кызыктуу! Мен биздин кураманын күчүнө ишенем! Мурункуга караганда көбүрөөк ийгиликке жете алаарыбызды ишенимдүү айта алам!", - деди капитан.

Эскерте кетсек, 11-майда Доха шаарында Азия кубогу-2024 турнирине чүчү кулак тартуу аземи өттү. Аны жыйынтыгында Кыргызстан "F" тайпасына туш келип, атаандаштары - Сауд Аравия, Оман жана Таиланд болду.

Пикир

Оставить комментарий