• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АФК Кубогу. "Абдыш-Ата" бүгүн "Тайчун Футурого" каршы жооптук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Канттык "Абдыш-Ата" клубу бүгүн АФК Кубогунун интерзоналдык финалында кытайлык Тайбэйдин "Тайчунг Футуро" клубуна каршы жооптук беттеш өткөрөт.

Беттеш Гаосюндун "Наньцзы" стадионунда орун алат. Башталышы саат 14:00.

Оюнду түз алып берүү LiveBall расмий сайтында жана "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Эске салсак, канттык клуб турнирдин тайпалык баскычын ийгиликтүү жыйынтыктап, плей-оффко чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду. Интерзоналдык биринчи "Абдыш-Ата" – "Тайчунг Футуро" беттешинде, ата-мекендик клуб өз атаандашын 5-0 эсеби менен жеңген.

Белгилей кетсек, аталган жуптун жеңүүчүсү интерзоналдык финалга жолдомо алат. Жеңген клубдун потенциалдуу атаандаштары – «Одиша» (Индия) жана «Централ Кост Маринерс» (Австралия). Аталган командалар интерзоналдык жарым финал алкагында биринчи беттеш өткөрүп, анда 4-0 эсеби менен австралиялык клуб жеңип алган. Командалардын жооптук беттеши 14-мартта орун алат.

Пикир

Оставить комментарий