• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акжол, Жоламан баштаган балбандар Азия чемпионатынан кайтып келишти — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Азия чемпионатныны алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 9-10-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш 3 коло) утуп, Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. 60 кг салмак категориясында Жоламан Шаршенбеков, 77 кг салмакта Акжол Махмудов, 82 кг салмакта Акылбек Талантбеков алтын медаль, ал эми 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков күмүш медаль, 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев, 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков, 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин, улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жана ошондой эле жеке машыктыруучулар Хаким Махмудов, Мирлан Алжанов, Мейрамбек Ахмедовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Белгилей кетсек, 11-12-апрель кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда килемге чыгат.

Пикир

Оставить комментарий