Убакыт токтоп калгандай. Тайванда “картайбас” айымдардын үй-бүлөсү табылды – сүрөт

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Тайванда “картайбас” айымдардын үй-бүлөсү табылган.

Бул үй-бүлөнү “тоңдурулган үй-бүлө” деп бекеринен атап коюшкан эмес. Анткени алар өздөрүнүн чыныгы жашынан бир топко жаш көрүнүшөт. Энесин жана анын үч кызын карап, алар үчүн убакыт токтоп калгандай сезилет. Алардын сүрөттөрүн карап, аялдар орто жашка келип калгандыгына ишениш кыйын.

Сүрөттөрдө алар өспүрүм кыздардай эле көрүнүшөт.

Кыздардын улуусу Сюй Луэр кесиби боюнча дизайнер жана блоггер. Анын күйөрмандары кумири 43 жашта экендигин билгенде ишене албай жүрүшкөн.

Луэрден тышкары анын эки сиңдиси 42 жаштагы Фэйфэй Луэр жана 38 жаштагы Шэрон Луэр бар.

Андан тышкары бул айымдардын 65 жаштагы апасы бар. Бирок ал дагы өз жашынан бир кыйла жаш көрүнөт, биринчи көргөн адам 30 жашта деп ойлоп калышы толук ыктымал.

Айымдардын сулуулук сырлары эң жөнөкөй - сууну көп ичүү, мөмө-жемиштер менен тамактануу жана газдалган суусундуктардан баш тартуу.

Пикир

Оставить комментарий