• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Интерполдун президенти Мэн Хунвэй кызматтан алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Интерполдун Лиондогу Башкы катчылыгы уюмдун президенти Мэн Хунвэйдин кызматтан алуу тууралуу жазган арызын кабыл алды.

Интерпол башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп уюмдун вице-президенти Ким Чон Ян дайындалды. Жаңы президент эл аралык полиция уюмунун 18-21-ноябрда Дубайда өтө турган башкы ассамблеясынын сессиясында шайланат.

Жекшемби күнү Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэй «кылмыштуу ишмердүүлүккө барган» деген шек менен 25-сентябрда кармалганын ырастаган.

Мэн Хунвэйдин жубайы акыркы жолу күйөөсүнөн «Чалуумду күт» деген билдирүү жана бычактын белгисин алганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий