Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумда добуш берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Талант Мамытов Бишкектеги «Белек» маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берди.
Пикир
Оставить комментарий