• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Талантбек Кушчубеков: Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунан үмүтүбүз чоң

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 4-жыйыны башталды.

Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубековдун айтымында, стратегиялык кеңештин кезектеги жыйыны - бул жыл сайын өтүүчү иш-чара. Мында тараптар эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн талдашып, объективдүү же субъективдүү себептерден улам чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелерди аныктап, кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, биргелешип ишке ашыруу үчүн кечиктирилгис милдеттерди аныктоо боюнча келечектеги иш-чараларды белгилешет.

"Албетте, бул процесске көп кырдуу кызматташтыгыбызга катышкан башка министрлик жана ведомстволор дагы кошулууда. Биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз саясий багытта гана эмес, маданий-гуманитардык чөйрөдө да динамикалуу өнүгүп жатат. Акыркы жылдары биз соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү чараларды көрүп жатабыз. Мында дагы бир топ жылыштар бар. 2023-жылы соода-экономикалык мамилелер 2022-жылга салыштырмалуу бир жарым эседен ашык өстү. Биз динамикасын жогорулатууну каалай турганыбыз түшүнүктүү, бирок бул оңой менен ишке ашпай турганын түшүнүү керек. Бул үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүү зарыл. Биргелешкен фондубуздан үмүтүбүз чоң, ал биздин соода-экономикалык мамилелерибиздин негизги жөнгө салуучусу болуп кала турган биргелешкен ишканаларды түзүүгө түрткү берүүчү уюм болуп саналат", - деди ал.

Ведомстводон билдиришкендей, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 16 млн доллар баштапкы капиталын 50 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо. Фонд перспективдүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү иш алып барууда, бул өлкөлөр ортосундагы инвестициялык активдүүлүктүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий