• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таланттуу сатирик Жолочу Рысбаев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 30.04.24./Кабар/. Кыргыз эли, улуттук адабияты оор жоготууга учурады.

Таланттуу сатирик жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Султанович Рысбаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолочу Рысбаев 1949-жылы 25-июнда Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган.

1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.

Пикир

Оставить комментарий