• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими күн мурун, 29-апрелде алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, режим облус аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу, Ош облусунун башчысынын буйругунун негизинде алынган.

Белгилей кетсек, 20-апрелден тарта Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптап, бир адам каза болгон. Буга байланыштуу облус аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий