• 87
  • 90.63
  • 0.79

Талас облусунда дыйкан жана фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордун ишмердүүлүгү аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган.

Борбордун негизги максаты - жергиликтүү фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Мында фермерлер агрардык кеңеш алуу, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу маалымат, өндүргөн продукцияны каякка сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жана башкалар жөнүндө маалымат ала алышат.

Фермерлерди тейлөө борбору Талас облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүдө жана фермерлердин ишин жакшыртууда маанилүү роль ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий