• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Судьялар кеңеши бир катар сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди (аты-жөнү)

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. 12-октябрда КР Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Жогорку соттон билдиришкендей, отурумдун жыйынтыгында Судьялар кеңешинин чечими менен төмөнкү судьяларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө КР президентине сунуштар киргизилди: Байзаков Н.М., Жамангулов Ж.Ж., Алгожоев З.Б., Алыбаев З.Э., Токтомаматов К.Ж., Сарыбаев Б.А. жана Мойдунов А.А.

Ошондой эле Ноокат райондук сотунун судьясы К.Ж. Калиевага, ара-Суу райондук сотунун судьялары Б.О. Иманбеков, Чүй облустук сотунун судьялары И. В. Горшковская, Г. Т. Кожобекова, Г. Т. Масабирова жана Нарын шаардык сотунун төрагасы С. Ы. Осмоновго карата тартиптик жаза берүү сунушу канааттандырылды.

Алты судьяга карата төрт сунуш боюнча баш тартылып, бир даттанууну кароо кийинки отурумга калтырылды.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу төрт жана тартиптик жаза берүү тууралуу бир сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков киргизген.

Эскерте кетсек, буга чейин Замирбек Базарбеков Судьялар кеңешине фемида кызматкерлерине карата рекорддук сандагы сунуштарды киргизгени маалымдалган. 2022-жылдан үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин төрага тарабынан 28 судьяга карата 19 сунуш жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий