• 87
  • 90.63
  • 0.79

Таласта мамлекеттик архивдин жаңы имараттары ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Талас облусунда Талас шаардык мамлекеттик архивинин жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараттарынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттардын курулушу 2023-жылдын аягында башталган. Жаңы имараттар архивдик сактоонун заманбап талаптарына толук жооп берет, документтердин ишенимдүү сакталышын камсыз кылат жана жарандардын маанилүү маалыматтарга жетүүсүн жеңилдетет.

"Буга чейин Талас шаардык архиви тез-тез көчүп жана ылайыктуу жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болгон. Бакай-Ата архиви өз кезегинде жараксыз абалга келип, документтерди сактоодо тобокелчиликтерди жараткан. Жаңы имараттар бул көйгөйлөрдү чечип, аймактагы архив илиминин өнүгүшүнө салым кошууда", - деп белгилешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий