Талас районунда аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана торпоктор берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23 /Кабар/. Талас районунда аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана торпоктор берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевдин сунушу, жаштардын колдоосу менен Кара-Суу айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Анда айылдагы 29 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрү таратылып, андан тышкары келечекте саан уй менен камсыздоо максатында 3 үй-бүлөгө ургаачы торпок берилди.

Райымберди Өмүралиев сунушун туура кабыл алып, ишке ашырууга колдоо көрсөткөн 1985-1993-жылы туулган айыл тургундарына терең ыраазычылыгын билдирди.

"Баарыбыз билгендей, бул кайрымдуулук ишине жалпы 190 миң сом каражат сарпталды. Кайрымдуулукка жумушалган каражатыңыздар Жараткан тарабынан эселеп кайтат буйруса. Мындан ары да ишиңиздер ийгиликтүү, берекелүү болсун", – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий