• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Талас шаардык милициясы ички иштер органдарынын ардагерине жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Талас ШИИБнин башчысы Асрол Тантиев жетектеген өздүк курамы менен ички иштер органдарынын ардагери милициянын отставкадагы прапорщиги Сабырбек Бейшеновго атайын кам көрүү максатында акчалай жана бир тонна көмүр түрүндө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Талас облустук милициянынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сабырбек Бейшенов өмүр бою милицияда кызмат кылып ак эмгегин өтөп келген. Учурда ал 80 жашта.

Талас ШИИБнин башчысы Асрол Тантиев ардактуу карыянын ал-акыбалын сурап дагы көп өмүр сүрүп, милицияга жана азыркы коомго акылман насаатчы болуп жүрүшүнө тилектештигин билдирди.

Сабырбек Бейшеновдун милиция кызматерлерин көрүп, кубанычында чек жок. “Форма кийгендерди көрсөм жүрөгүм жылыйт, жаштыгымды эстеп жашара түшөм”, - деп бир далай башынан өткөн окуяларын, кылмыштарды ачканын жана ошол мезгилдеги иштеген учурларын айтып абдан кызыктуу маек куруп берди.

Сөзүнүн аягында Бейшенов Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, эл-жерде тынчтык болуусун анын арасында милициянын кадыр-баркы жогорулап, элдин алкышын алуусун тилек кылып ак батасын берип жакшы маанайда узатты.

Пикир

Оставить комментарий