• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто 2018-жылдын мыкты жаш мугалими аныкталды

Аймак 0

Ош, 25.05.18. /Кабар/. Ош шаарында 23-майда “Жаш мугалим – 2018” сынагы болуп, анын алкагында 2018-жылдын эң жаш мугалими аныкталды.

Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, мугалимдер, мектеп окуучулары, жергиликтүү тургундар, аталган сынактын демилгечиси жана демөөрчүсү болгон Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев катышты.

Шаардын 60 мектебинен мыкты мугалимдер тандалган, алардын жетөө финалга өтүшкөн: Айдай Мухамеджан кызы – кыргыз тили жана адабияты мугалими, Илгизбек Шамырзаев – кыргыз тили жана адабияты мугалими, Исабек Бабаназар уулу – тарых мугалими, Нүргүл Тайыр кызы – кыргыз тили жана адабияты мугалими, Сүйүнбай Табалдиев – математика мугалими, Ырысгүл Орозбекова – кыргыз тили жана адабияты мугалими жана Эламан Касымов – информатика мугалими.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын мыкты жаш мугалими болуп №27 орто мектебинин мугалими Нүргүл Тайыр кызы табылган. Ага 30 миң сом акча каражаты ыйгарылган.

Экинчи орунду №52 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ильяз Шамырзаев ээлеп, 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий