• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Талас шаарында 140 млн сомго үч ири завод жана аттракциондор курулат

Аймак 0

Бишкек, 13.07.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Талас шаарында өндүрүш багытында 3 ири завод жана аттракциондор курулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, асфальт заводу, темир-бетон заводу жана кум-шагыл чыгаруучу заводдор салынат. Ошондой эле оюн-зоок паркынын ичине 8 түрлүү аттракциондор курулат.

Бул боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Кытайлык өндүрүшчүлөр менен Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев күн мурун меморандумга кол койгон.

Ошондой эле 100дөн ашык жумуш орундар пайда болот.

Мындан тышкары, Талас шаарында 50 км тротуар салынып, вело жолдор курулат. Учурда борбордук аянтта жана башка көчөлөрдө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий