• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Талас шаарында ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Талас шаарында массалык ишембилик өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембиликтин алкагында шаар аймагынын санитардык абалы жакшыртылып, унаа жол жээктери, парктар, скверлер, токой ичи, калк көп эс алуучу жайлар катуу тиричилик таштандылардан тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга кошумча административдик имараттардын, турак жайлардын фасадын архитектуралык-эстетикалык талаптарга келтирүү, көрнөк-жарнактарды жаңыртып, актап-сырдоо, ирригациялык суу өткөрмө түтүктөрдү тазалоо боюнча иштер аткарылды.

Ишембилик президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий