Талас шаарында жыл аягына чейин алты балдар аянтчасы курулат

Аймак 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Талас шаарында жыл аягына чейин алты балдар аянтчасы курулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аянтчалар Нуржанов жана Больничная, Молдосанов жана Алымкулов, Сатаев жана Турдалиев көчөлөрүнүн кесилишине, Огомбаев көчөсүндөгү №105 көп кабаттуу үйдүн короосуна, Каимов жана Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн короосуна жана Оторбаев көчөсүндөгү №233, 235 көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна курулат.

Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев Молдосанов жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан балдар ойноочу аянтчанын курулуш иштери менен жеринен таанышты. Анда куруучуларга иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу, мүчүлүштүктөрдү өз убагында жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Мэр ошондой эле Нуржанов жана Больничная көчөлөрүнүн кесилишине салынган балдар аянтчасынын сапатын текшерип, аянтчанын айланасын иретке келтирүү милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий