• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Талас шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөлө баштады. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Талас шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөлө баштады.

Талас шаардык мэриясынан билдиришкендей, шаар башчысы Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А. Узакбаев көчөсүндөгү асфальт басуу иштеринин алгачкы этабы менен жеринен таанышты.

Анын жүрүшүндө Эрмат Жумаев тийиштүү мекеме-ишкана жетекчилеринин бул жаатта жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле айрым мүчүлүштүктөрдү тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарындагы борбордук жана ички көчөлөргө 30 чакырым, ал эми тротуарларга 20 чакырым асфальт басылат.

Пикир

Оставить комментарий