Талас шаарынын Күрөңкеев көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Талас шаарынын Күрөңкеев көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө асфальт Күрөңкеев көчөсүнүн Оторбаев көчөсүнөн Токтогулов көчөсүнө чейинки 1611 метр аралыгына басылууда. Иш планына ылайык, Талас шаарындагы 22 көчөнү асфальттоо каралган.

Белгилей кетсек, Талас шаарынын борбордук жана ички жолдору өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен асфальтталууда. Ага президенттин фондусунан каражат бөлүнүп, 30 чакырым жол, 20 чакырым тротуарга асфальт басуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий