• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Таласта дыйкандарга айыл чарба азык-түлүктөрүн сатууга шарт түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Талас шаарында дыйкандарга айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн шарт түзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 1-сентябрдан 20-сентябрга чейин шаардагы Манас көчөсүнүн Сарыгулов көчөсүнөн тартып Мырзалиев көчөсүнө чейинки аралыгы унаа каттамы үчүн убактылуу жабылган.

Бүгүнкү күндө аталган даректе дыйкандардын айыл чарба азык-түлүктөрү сатылууда.

Белгиленгендей, иш-чара дыйкандарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий