• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы кемчиликтер тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт - облустук милиция

Аймак 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын абалы тууралуу социалдык тармактарга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыйноолордун алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Талас облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгү Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы санитардык кемчиликтер тууралуу маалымат жарыялаган.

Анда камералардын терезелери күндүн табигый жарыгын өткөрбөөчү темир тосмо менен туюк жабылгандыгы, камакта жаткандар үчүн орундуктардын жоктугу жана аларга жууркан-төшөк берилбегендиги айтылган.

"Бирок, камеранын терезелеринде дубалдан 20 см алыс аралыкта орнотулган темир тосмо күндүн табигый жарыгы камеранын ичине тийүүсүнө тоскоолдук жаратпайт. Ал эми камакта жаткан жарандардын ар бирине жатуу үчүн жерден 30 см бийиктикте жыгачтан тапчан түрүндө жатуучу жер жасалган. Мындан тышкары, жууркан, жаздык, шейшептер менен камсыз болбогондугу көрсөтүлгөн. Бирок, убактылуу кармоочу жайда жаткан бардык жарандарга жууркан, жаздык жана шейшептер керектелүүчү көлөмдө берилген.

Ал эми интернет тармагында жарыяланган УКЖнын ичиндеги сүрөткө тартып алынган камерада эч кандай жаран кармалган эмес, аталган камера бош болгон. Ошондуктан, убактылуу кармоочу жайдын санитардык абалы талапка ылайык эместиги тууралуу көрсөтүлгөн кемчиликтер чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий