• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Таласта 14 жаштагы өспүрүм асынып каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Таластын Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 17-декабрь күнү 14 жаштагы А.С. аттуу өспүрүм үйүндө каза болгондугу жөнүндө билдирүү милицияга түшкөн.

Талас облустук милициясынан билдиришкендей, аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата райондук милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу жерине барып, текшерүү жүргүзгөн.

“Кыргызстан айылында өспүрүм үйдүн артында асынып каза болгондугу аныкталган. Анын сөөгү 18-декабрда жерге берилген. Ал эми окуя боюнча жакындары эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий