Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Талас районундагы Кең-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү күрөш залын курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, Орто-Арык айылында спорттук имарат куруу пландалууда.
Күрөш залынын тендердик суммасы 7 миллион 698 миң 19 сомду түзүп, сынактык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 25-декабрда аяктайт.
Пикир
Оставить комментарий