Таласта Айтматов тууралуу документалдуу тасма тартылууда. Режиссёрлор чет өлкөдөн келишти

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Таласта жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата документалдуу тасма тартылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-августта жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы, туулуп өскөн жери тууралуу документалдык тасма тартуу максатында Санкт-Петербург шаарынан режиссёр Наталья Фянтисева жана Италиядан режиссёр Диаомамтакос Сиева Талас облусуна келди.

Чет өлкөдөн келген конокторду президенттин өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова тосуп алып, тасма тартууну уюштуруу иштерине колдоо көрсөтүп, коштоп жүрдү.

Режиссёрлор Көк-Сай айылындагы "Манас", "Чыңгыз" чокуларын, Маймак станциясын жана Улуттук Манас Ордо комплексин тасмага түшүрүштү.

Белгилей кетсек, документалдуу тасма жазуучунун туулган күнүнө арналган иш-чарада көрүүчүлөргө тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий